Ош. Мады айылында көчөнү жакшы көрктөндүргөн алдынкы тургун 30 миң сом алат
Кара-Суу районунун Мады айылындагы Мырзаканов көчөсүнө сынак жарыяланды. Анда көчөнү ким жакшы көрктөндүрсө, акчалай сыйлыкка ээ болот. Бул тууралуу бүгүн райадминистрациянын басма сөз катчысы Турусбек Матиев билдирди.
Анын айтымында, аталган сынак Мады айыл өкмөтү тарабынан уюштурулуп, жергиликтүү тургундар демөөрчүлүк кылышкан. Сыйлык катары 1-орунга 30 миң сом, 2-орунга 20 миң сом, 3-орун ээсине 10 миң сом каралган.
Айта кетсек, аталган иш-чара облуста аймакты жашылдандыруу жана көрктөндүрүү максатында жарыяланган 3 айлыкка байланыштуу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Sharipa-asia

03.04.2014. 20:27
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин айыл кооз болот экен да, акча десе баары чыгат го атаандашып
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.