Унаа уурдоо фактысына шектелип шаар тургуну кармалды
Унаа уурдоо фактысына шектелип шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 3-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Өмүркан аттуу шаар тургуну кайрылган. Анда белгисиз адамдар үйүнүн короосунан Хонда Одиссей унаасын уурдап кетишкенин айткан.
Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында кылмышка шектелип Бишкек шаарынын Бакытбек аттуу тургуну кармалды. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.