Ички иштер министрлиги: Таласта эл менен күч органдарынын ортосунда болгон кагылыштан 19 милиция кызматкери жарбыркады
Таласта абал туруктуу. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 4-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, учурда унаа жолу жабык. 300гө жакын адам чогулуп турушат. Кечээги эл менен күч органдарынын ортосундагы кагылыштан 19 милиция кызматкери жараат алды.
Айта кетсек, кечээ, 3-апрелде Талас облусунун Бакай-Ата районунда жашоочулар митингге чыгышкан. Алар “Шыраалжын” кенин жабуу талабын коюшуп, кийин Боо-Терек айылында Талас – Тараз унаа жолун бууп салышкан. Бул учурда милиция кызматкерлери элди таратууга аракет кылышкан. Бирок чогулган эл көнбөгөндүктөн, эки тараптын ортосунда кагылышуу чыгып, эки милиция кызматкери сабалып, бир унаа өрттөлгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:37
2025-06-30
Рейтинг:
0

Аргентинанын акыркы жуз жылдагы тарыхын окусанар кызыктуу, жуз жыл мурда онуккон мамлекет болгон метро 1913-ж ачылган а азыркы кейпи туруксуздуктун жоктугунан