Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен жолугушуу өткөрдү





Кечээ, 3-апрелде Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусу боюнча кыргыз милициясында кызмат кылып, эс алууга чыккан Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу болгон 6 ардагер бар.
Милиция кызматкерлери ички иштер органынын ардагерлери Гаваз Мингараев жана Жолборсали Жумабаевдин 9-Май - Жеңиш күнүнө карата абалын сурап, аларга сый-урмат көрсөтүп, акчалай көмөк жана күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөр менен камсыздап, белекке эстелик буюм тартуулашты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.