super.kg logo

Ош шаарынын мэриясынын кызматкерлери мамлекеттик тил боюнча окуу курсун аякташты

 

Бүгүн, 4-апрелде Ош шаарынын мэриясы тарабынан уюшулган мамлекеттик тил боюнча окуу курстары жыйынтыкталды. Окуу курсуна мамлекеттик муниципалдык тармактарда эмгектенгендер, аймактык кеңештин жооптуу кызматкерлери болуп жалпы 40тан ашык кызматкер катышкан. Бул тууралуу мэриянын басма сөз катчысы Элзат Абдраимова билдирди.

“Бул иш-чарада Ош мамлекеттик университети тарабынан келишим түзүлүп, тажрыйбалуу мугалимдер сабак өтүштү. Башкы максаты - мамлекеттик тилде иш жүргүзүү. Окутуу иштери жалпысынан 50 сааттык убакытты камтыган”,- дейт мамлекеттик тил боюнча адис Эркайым Маматкерим кызы.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик тилди мыкты өздөштүргөн кызматкерлерге вице-мэр Ильич Эргешов сертификат тапшырды.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
04.04.2014. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: