super.kg logo

Бишкекте “Маскарапоздор” операсы япон опера жылдыздарынын катышуусунда өтөт

 

6-апрелде Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында Р.Леонкаваллонун “Маскарапоздор” операсы япон опера жылдыздарынын катышуусунда өтөт. 

Аталган театрдын берген маалыматына ылайык, операда япониялык ырчы Акико Хаякава ырдаса, Коичи Иноуэ дирижёрлук кылат. 

“Маскарапоздор” - 2 акттан турган драма. Музыкасы менен либереттосу италиялык композитор Руджеро Леонкаваллого таандык. Аталган операнын биринчи премьерасы 1892-жылы 21-майда коюлган. Көп өтпөй эле опера дүйнөнүн бардык сахналарын кыдырып чыгып, азыркыга чейин опера театрларынын репертуарында сакталуу. 

Сюжеттин өзөгүн турмуштан алынган окуя түзөт. Анда Калабриянын Мональто шаарынын жанынан көчмө театр актёру "аялым көзүмө чөп салды" деп шектенип, аны сахнада өлтүрүп салган. 

Биринчи жолу бул опера Кыргыз улуттук опера жана балет театрында 2000-жылдын 28-январында коюлган.

Акико Хаякава – япониялык опера ырчысы, Токиодогу Кунитачи музыкалык академиясын бүтүргөн. Ал япониялык опера солисттеринин сынагында “Биринчи премия” сыйлыгын алган. 2002-жылдан бери Румыния, Болгария, Молдова жана Украинада бир нече жолу ырдаган.

Япониялык дирижёр Коичи Иноуэ Токидогу Гакугей университетинде композиция адистиги боюнча билим алган. Римде, Сиенада билимин устаты, маэстро Франко Ферраранын көзөмөлүндө уланткан. 2008-жылдан тарта Румыния, Молдова, Болгария, Украина, Кыргызстан, Франция, Япониянын оркестрлеринде жана театрларында чакырылган дирижёр катары чыгып келет. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: