super.kg logo
  Саясат  

Таластагы митинг боюнча Улуттук оппозициялык кыймыл өз билдирүүсүн таратты

 

ЖКнын депутаты Равшан Жээнбеков баштаган Улуттук оппозициялык кыймыл 2014-жылдын 3-апрелинде Таластагы "Шыраалжын" алтын кенин иштетүүгө каршы чыккан карапайым калкка каршы күч колдонушун кескин түрдө айыптайт. Ошондой эле бийликти таластыктардын мыйзамдуу талабын угууга жана элге каршы эч качан курал колдонбоого чакырат. Ушундай таризде оппозициялык кыймыл өз билдирүүсүн таратты.

“Конституциянын 12-беренесинин 5-пунктуна ылайык, жер, анын кен байлыктары Кыргызстандын менчиги болуп эсептелет жана алар мамлекеттин өзгөчө коргоосунда турат. Ошол эле Конституциянын 2-беренесинин 1-пунктунда «Кыргызстандын эли эгемендиктин ээси жана мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы болуп саналат» деп белгиленген. 

Демек, Кум-Төр, Жер-Үй, Иштамберди, Жетим-Тоо, Куттуу-Сай, Шамбет-Сай, Алтын-Кен, Шыраалжын ж.б. жаратылыш кендерин иштетүүгө каршы чыгып жаткан баатыр мүнөз калкыбыз мамлекеттин менчигиндеги алтын кендерди чет элдик компанияларга саттырбай, аларды коргоп алууга толук укуктуу”,- деп билдирет аталган уюмдун басма сөз кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: