super.kg logo

Тарых музейинде Шэньси провинциясынын элдик искусствосун чагылдырган Көлөкө театрынын көргөзмөсү өтөт

 

Кыргыз мамлекеттик тарых музейинде 10-30-апрелге чейин Тан династиясынын Сиань музейи менен биргеликте Шэньси провинциясынын элдик искусствосун, салт-санаасын чагылдырган Көлөкө театрынын көргөзмөсү өтөт. Көргөзмөгө “Бакчадагы жолугушуу”, “Жашыл жыланга аңга чыгуу”, “Генерал Гуань Юй жүрүштүк чатырда”, “Алачыкка үч жолу барганда”, “Буддага таазим кылуу” оюндары жана булгаарыдан жасалган  куурчактар, картиналар тартууланат.

Көлөкө театры - Кытайдан чыккан драмалык искусствосунун бир түрү. Легендада айтылгандай, Хань батыш династиясынын императору Уди сүйгөнү Леди Линин оорудан каза тапканына капа болуп жүрөт. Император аны ушунчалык сагынгандыктан, бийлик жүргүзүү каалоосун жоготот. Бир күнү министрлердин бири балдардын куурчак менен чоң көлөкө түшүрүп ойноп жатышканын көрөт. Мындан таасирленген министр императорду санаадан арылтууга жардам берүү максатында анын каза болгон сүйгөнүнө окшоштуруп кагаздан куурчак жасайт. Түн киргенде императорду аны көргөнгө чакырат. Император аны көрүп аябай кубанат. Мына ошондон тарта Кытайдын Көлөкө театрынын тарыхы башталган.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: