super.kg logo
  Саясат  

Таластагы митинг: Бакай-Атадагы митингге бир да саясий лидер келген жок

 

Таластын Бакай-Ата районундагы митингди эл өзү уюштурууда. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде жергиликтүү журналист Машакбай Рахманкулов SUPER.KG порталына билдирди.  

“Бакай-Ата районунда азыркы тапта 2000ден ашуун эл топтолуп, кен иштетүүгө каршы митинг уюштуруп жатат. Митингге эч кандай саясий лидерлер келишкен жок. Нааразычылык акциясын эл өзү уюштурууда”,- дейт Рахманкулов.

Айта кетсек, 3-апрелде “Шыраалжын” алтын кенин жабуу талабы менен митингге чыккан жашоочулар менен милициянын ортосунда кагылышуу болуп, 20дай милиция кызматкери жабыркады. Чогулгандарды таратуу үчүн милиция курал колдонду.

   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: