super.kg logo

Таластагы митинг: Бакай-Атада абал туруктуу, буулган жол ачыла элек (фото)

 

Акыркы сааттарга карата Бакай-Атада абал туруктуу. Жабылган жол ачыла элек. Барган сайын элдин саны артууда. Бул тууралуу Бакай-Ата районунун тургуну Руслан Чолпонбеков бүгүн, 4-апрелде билдирди.

Анын айтымында, чогулган эл бийлик өкүлдөрүн күтүп жатат.

“Учурда 500дөн ашык эл чогулду. Бүгүн Коргоо, коопсуздук жана чек ара маселеси боюнча вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев келет экен. Эл аны менен жолугушууну күтүп жатат”,- деди Руслан Чолпонбеков.

Айта кетсек, кечээ, 3-апрелде Талас облусунун Бакай-Ата районунда жашоочулар митингге чыгышкан. Алар “Шыраалжын” кенин жабуу талабын коюшуп, кийин Боо-Терек айылында Талас – Тараз унаа жолун бууп салышкан. Бул учурда милиция кызматкерлери элди таратууга аракет кылышкан. Бирок чогулган эл көнбөгөндүктөн, эки тараптын ортосунда кагылышуу чыгып, эки милиция кызматкери сабалып, бир унаа өрттөлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
04.04.2014. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне болтасынар?
04.04.2014. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тынч эле чечип алышса экен.
04.04.2014. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Туура кыласынар эмнеге кендерди ачылышына жол беришибиз керек ,ал кен Кыргызстан учун пайда алып келсечи кайсы областа кайсы кендин Кыргызстан учун пайдалуусун кордунор эле,Бир мамлекеттке беретт да алар кенин казып алып калган зыянын ошол жерге таштап ал жерде жашаган элге зыяны гана тийгенин коробуз.Аа бийликте отургандар ман баштар кичине акча берип койсо ошого суйунуп кендердин баарын талатып койуп олтурушат ооздорун ачып дагы суйлоп коюшат биз кылып атабыз деп.Дагы эле эл жабыр тартканы !
04.04.2014. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Буларды кимдир бироолор спонсирует. Баардыгы мас биз ото албай Тараз аркылуу келдик. Колдорунда фанта- кола. Чогулуп ичкендери арак. Ушинтип элди дурботпой Эле койсо жакшы болмок
04.04.2014. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Miraid, анпесе болбойт да 1, 2 кун туруп кетип калат. Ошол сусундуктарга адамды эр журок кылып коё турган нерселерди кошуп таркатышат. Апрель окуяларында да камаздар жуктоп алышып таркатып журуш го.
04.04.2014. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
2010 7-апрелде да чон байкелер сайрап турушкан *абал туруктуу* деп. Анан эмне болду баарыбыз билебиз.
04.04.2014. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Муса байкеге окшоп Абдырахман байке да гелтек жээп келбесо болду.
04.04.2014. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Орто жолдо милицияларга эле кыйын чынында .Барбайын десе жумушу , барса элди тынчдандырса эл кол которот . Бийликтегилерге не холодно и не жарко .
04.04.2014. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
500 дой адам чогулуп митинг уйуштуруп бийлик окулдорун чакырып анан вице пример министир барыптыр туура барып алардын талаптарын укканы абдан жакшы,Бирок ушул жылдын январь айында Ош шаарында 500 эмес 10000 адам митингке чыкса бишкектен бийлик окулдору бири да барбай койдуго бул эмне деген тушунук???
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: