Ош шаарында сатылуучу сүт азыктары текшерүүгө алынууда
Ош шаарынын борбордук базарларында сатылып жаткан сүт азыктары Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору жана Каржы полициясы менен биргеликте текшерилди. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде санитардык-эпидемиология бөлүмүнүн башчысы Өмүрзак Мурзалиев билдирди.
«Базарды текшерүү учурунда коңшу өлкөлөрдөн аткезчилик жол менен алынып келинген товарлар аныкталган жок. Ал эми анын санитардык абалын, мөөнөтүнөн өтө электигин текшерүү үчүн ар бир күркөдөн сүт азыктарынын бирден түрүн алып, лабораториялык текшерүүгө жөнөттүк. Жыйынтыгы үч күндүн аралыгында чыгат»,- деди Мурзалиев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.