“2014-жыл - Ош шаары КМШ өлкөлөрүнүн маданият борбору жылына" карата Ош облустук филармониясы чоң концерт тартуулайт
Ош шаары 2014-жылы КМШ өлкөлөрүнүн маданият борбору деп саналат. Буга карата Р.Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясы учурда 8 долбоордун үстүндө кызуу иштеп жаткан учуру. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде аталган жайдын жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова билдирди.
“Учурда биздин жамаат "Ош шаары 2014-жылы КМШ өлкөлөрүнүн маданият борбору жылына" карата 8 долбоордун үстүндө кызуу иштеп жатат. Буюрса, 12-апрелде бул долбоорлорубуздун алгачкысы ишке ашканы турат. Ал - филармониянын эмгек жамаатынын чоң концерти. 70тен ашуун артист катышкан бул концерттен музыка сүйүүчүлөрү Кыргыз Республикасынын Эл артисттери Жолболду Алыбаев, Токон Эшбаевдин жана азыркы эстрада ырчыларынын, бийчилеринин өнөрлөрүнө күбө болушат",- дейт филармониянын жетекчиси, КРнын Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.