super.kg logo

Ысык-Көл. "Бийлик карапайым элге күч колдонсо, саруулуктар элди колдоп Таласка барат" дейт жаш активист Замир Мендибаев

 

Бийлик карапайым элге күч колдонбошу керек. Эгер курал колдонулса, саруулуктар элди колдоп Таласка барат. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун Саруу айылындагы жаш активисттердин бири Замир Мендибаев бүгүн, 4-апрелде SUPER.KG порталына билдирди.

“Мындай окуя биздин дагы башыбыздан өткөн. Бирок кыргыз эли буга жол бербеши керек. Бийлик курал колдонууга өтсө, биз таластыктарды колдоп барабыз”,- деди Замир Мендибаев.

Айта кетсек, кечээ, 3-апрелде Талас облусунун Бакай-Ата районунда жашоочулар митингге чыгышкан. Алар “Шыраалжын” кенин жабуу талабын коюшуп, кийин Боо-Терек айылында Талас – Тараз унаа жолун бууп салышкан. Мындан улам милиция кызматкерлери менен чогулган ортосунда кагылышуу чыгып, эки милиция кызматкери сабалып, бир унаа өрттөлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: