super.kg logo

Ош. «Нооруз-2014» сынагында мыкты делген 3 аймакка акчалай сыйлык тапшырылды

 

Бүгүн, 4-апрелде Ош шаардык мэриясынын имаратында коллегиялык жыйын өтүп жатат. Анда Ош шаарында бир катар иштер ийгиликтүү аткарылгандыгы айтылып, «Нооруз-2014» майрамдык иш-чарасында мыкты делген 3 аймакка акчалай сыйлык тапшырылды.

Ал эми сыйлыктар Ош шаарынын вице-мэри Ильич Эргешов тарабынан тапшырылып, сынактын жеңүүчүсү болуп Сулайман тоо аймактык кеңеши табылды. Аталган аймактык кеңеш 40 миң сом акчалай сыйлык алды. 2-орунду Курманжан датка аймактык кеңеши ээлеп, 30 миң сом, 3-орунга ээ болгон Ак-Тилек аймактык кеңеши 20 миң сом менен сыйланды. 

Маалыматка ылайык, Ош шаарында 12 аймактык кеңеш бар. Алардын бул сынакка мыкты деңгээлде даярданганы, ошону менен катар кемчилиги комиссия мүчөлөрү тарабынан айтылып өттү. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: