Жеке турак жай куруу департаменти: Мыйзамсыз курулуш жүргүзгөндөргө айып пул салынып, кылмыш иши козголот
Жеке турак жай куруу департаменти мыйзамсыз курулуштарды жүргүзгөндөргө карата айып пул салынып, кылмыш иши козголорун эскертет. Бул тууралуу аталган департамент бүгүн, 4-апрелде маалымдады.
Өз жер тилкесинин чегин мыйзамсыз кеңейтип алган жарандарга карата 10 миң сомго чейин айып пул салынат. Ошондой эле аталган департамент укук коргоо органдары аркылуу Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренесине ылайык, жүргүзүлгөн мыйзамсыз курулуш улана берсе, бардык фактылар сотко өткөрүлүп, соттун чечими менен кылмыш иши козголорун эскертет.
Департамент шаардыктарды мыйзамды бузбоого чакырат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.