super.kg logo

Талас – Тараз унаа жолу толук ачылды (фото)

 

Таласта жергиликтүү жашоочулар тарабынан жабылган Талас – Тараз унаа жолу ачылды. Бул тууралуу Бакай-Ата районунун тургуну Руслан Чолпонбеков бүгүн, 4-апрелде билдирди.

Анын айтымында, бүгүн Коргоо, коопсуздук жана чек ара маселеси боюнча вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев келип, эл менен жолугушкан. Анда ал алтын кени жабылганын билдирген. Мындан улам жергиликтүү тургундар тосулган жолду ачышкан.

Айта кетсек, кечээ, 3-апрелде Талас облусунун Бакай-Ата районунда жашоочулар митингге чыгышкан. Алар “Шыраалжын” кенин жабуу талабын коюшуп, кийин Боо-Терек айылында Талас – Тараз унаа жолун бууп салышкан. Мындан улам милиция кызматкерлери менен чогулган ортосунда кагылышуу чыгып, эки милиция кызматкери сабалып, бир унаа өрттөлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: