Трансформаторго күйүп калган Айгеримдин жакындары “Чыгыш электрден” 5 миллион сом талап кылышууда

Нарын облусунун Ат-Башы районунда трансформаторго кирип, күйүп калган Дүйшөмбиева Айгеримдин жакындары “Чыгыш электр” компаниясынан 5 миллион сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылышууда. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде өткөн маалымат жыйынында аталган компаниянын өкүлдөрү кабарлашты.
Компаниянын техникалык директору Керимбек Насыровдун айтымында, компенсациянын суммасы 5 миллион сомго чейин өсүп кеткени таң калтырууда. Себеби Айгеримдин жакындары жана адвокаты менен компаниянын өкүлдөрү жолугуп, 2 миллион сомго токтолушкан. Көп өтпөй "5 миллион сом берсин" деген талап менен сотко арыз жазганын айтышты.
Эске салсак, окуя 2013-жылдын 28-апрелинде катталган. Анда 10 жаштагы Айгерим мектептин тегерегинде жайгашкан трансформаторго кирип, катуу күйүккө кабылган. Учурда анын абалы дагы да болсо кыйын. Тамак жебей, сүйлөбөй калган Айгеримдин жакындары буга чейин операция үчүн 40 000 доллар (2 миллион сом) керектигин айтып, элге жардам сурап кайрылып жатышкан. Жакынкы күндөрү бул иш токтотулганы маалым болду. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:08
2025-07-08

21:43
2025-07-08
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(36)
Bazul

04.04.2014. 15:52
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Э Аллахым озун жардам бер!!!
1 | 2 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.