super.kg logo

Жылнаама, 7-апрель: Мындан 4 жыл мурун Курманбек Бакиевдин бийлиги кулаган

 

* Мындан 60 жыл мурун кытайлык жана америкалык актёр, продюсер Жеки Чан жарык дүйнөгө келген. Аны апасы 12 ай көтөрүп, операция жолу менен төрөгөн. Жеки Чандын төрөлгөндө коюлган аты – Конг Санг Чан, которгондо “Гонконгдо төрөлгөн” деген маанини берет. Кичинесинен кунг-фу искусствосуна кызыгып, тасмадагы карьерасын 8 жашында каскадёр катары баштаган. 1970-жылдардын ортосунан баштап чоң ролдорду аткарууга киришет. Кийин өзү тасма тарта баштайт. Бара-бара жалгыз өзү гана аткара ала турган жаңы киножанрды жаратат. Анткени Жеки Чан гана трюктар үчүн өз өмүрүн тобокелге сала алган. 

* 2003-жылдын бул күнү АКШлык аскерлер Ирактын борбору Багдад шаарын басып алышкан. Америкалык күчтөр Тигр дарыясынын Багдадды аралай өткөн бөлүгүндөгү Ирак президенти Саддам Хусейндин сарайына чабуул коюп кирип барышкан жана анын башка дагы 2 сарайына чабуул жасашкан. АКШлык танктар болсо Ирактын Маалымат министрлигин жана Багдаддын ортосундагы “Рашид” мейманканасын кыска мөөнөткө курчоого алышкан.

* 7-Апрель - Элдик революция күнү. Мындан 4 жыл мурун Апрель ыңкылабы болуп, Курманбек Бакиевдин бийлиги кулаган. Анда 90го жакын эр азамат окко учкан. Мындан улам Жогорку Кеңештин депутаттары 2011-жылдын 17-ноябрындагы кезектеги жыйынында "7-Апрель – Элдик революция күнү жөнүндө" мыйзам долбоорун бир добуштан кабыл алышкан.

Жылнаама толугу менен бул жакта...


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
07.04.2014. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашоо мурун кандай болсо,азыр деле ошондой отуп жатат.4-жыл ичинде эч нерсе деле озгоргон жок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: