Кыргыз Республикасынын Эл артисти Бакирдин Алиев дүйнө салды

Бүгүн, 7-апрелде бүт өмүрүн театрга арнаган залкар талант, КРнын Эл артисти Бакирдин Алиев 81 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен тастыкташты.
Маалыматка таянсак, акыркы жылдары Бакирдин Алиевдин ден соолугу начарлап, эки көзү көрбөй, үйүнөн өз алдынча чыга албай калган.
Залкар талант кыргыз кереметтери болгон "Уркуя", "Мен - Тянь-Шань", "Караш-караш окуясы", "Эски тегирмен" тасмаларына, "Чиркин өмүр" телесериалына тартылып, ошондой эле сахнада жүздөн ашуун роль жараткан.
Бакирдин Алиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 9-апрелде саат 10:00дө Көк-Жар айылында өтмөкчү. Артисттин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлмай болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

"Орук зарлар" киносунда кара жоргону жакшы бийлейт!Мурда жылда нооруз майрамында берип турушчу эле ошол кинону, кийин бербей калышты го! Ал фильм 70-80 жылдары тартылса керек! Ал бийди казактар кечоо бийлей калып эле биздики дейт мына биздин далилибиз!