super.kg logo

Бишкекте митингдин айынан сүйүктүүсүнөн айрылган кыз жана баласынан ажыраган эненин тагдыры чагылдырылган спектакль коюлду

 
Тарыхый чыгарма башкы каарман Кайрат менен Фатиманын сүйүүсүн сүрөттөө менен башталат.
Чыгармадагы акыйкат издеген акын.
Студенттер ойноп-күлүп жатып митингге чыгууну жана кан төгүлөрүн ойлошкон эмес.
Спектаклге келген көрүүчүлөр.
Спектаклге келген көрүүчүлөр.
Бийликти сүйгөн биринчи катчы.
Бийликтегилерге кошомат кылгандар бул чыгармада да бар.
Митингге чыккан студенттер.
Митингге чыккан студенттер.
Бийликти сүйгөндөр митингге чыккандарды атууга буюрат.
Митингге чыккандар менен бийликтегилердин кагылышуусу.
Спектаклге келген бийлик өкүлдөрү, чыгармачыл инсандар.
Спектаклдин жүрүшүнөн.
Спектаклдин жүрүшүнөн.
1986-жылы 16-декабрда Алматыда болгон чатак бир заматта дүйнөнүн туш тарабына тараган.
Кайрат "киши өлтүрдү" деп айыпталып, атууга кетет.
Чыркыраган Кайраттын энеси баласын атуудан куткарып калуу үчүн бийлик төбөлдөрүнө жалбарып жаткан кези.
Чыгарманы көрүүгө келген көрүүчүлөр.
Казак элинин жазуучусу Сабит Досановдун эки элге көпүрө болгону үчүн алкыш айткан бийлик өкүлдөрү ага чепкен кийгизишти.
Спектаклдин соңунда артисттердин колу гүлгө толду.
Сабит Досанов кызы жана неберелери менен.

А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында 7-апрель күнү казак жазуучусу Сабит Досановдун “Жанууран” спектаклинин бет ачары болуп өттү. Аны Ш.Термечиков атындагы Чүй облустук театрынын артисттери коюшту. 

Аземге маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиева, белгилүү драматург Бексултан Жакиев, экс-министр Султан Раев, Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев жана башкалар катышышты. 

Бул спектакль 1986-жылдагы саясий окуяларга арналган. Анда 1986-жылы Казакстан Республикасынын КПССинин башчысы Д.Кунаевдин отставкага кетип, анын ордуна Г.Колбин дайындалгандыгы, мындан улам митинг уюштурулгандыгы баяндалат. Башкы каармандар Кайрат менен Фатима окуянын көңүл борборунда болушат. Тынчтык митингине чыккан жаштардын арасында башкы каармандардын жашоосунун өзгөрүшү менен чыгарма өнүгө баштайт. Кан төгүлгөн бул каргашалуу окуяда Кайрат "киши өлтүрдү" деп айыпталып, атууга кетет. 20 жашка гана чыккан жаш жигит акталбай, өмүрү менен кош айтышат. Бул чыгарма уулунан айрылган эненин жана сүйгөнү Фатиманын күйүтү менен соңуна чыгат. Кошумчалай кетсек, чыгармада мансап үчүн күрөшкөн, эки жүздүүлүк, акыйкатсыздык, эркиндик үчүн жан урган жарандар сүрөттөлөт.  

Аталган спектаклди койгон режиссёр Каныбек Дүйшөналиев: “Бул иш-чаранын максаты - бийлик менен элдин мамилесин көрсөтүү. Спектакль коңшу мамлекетте жана бизде да болуп өткөн революция процессинде жашоо менен кош айтышкан жаштарга арналат. Мында революцияга катышып калган эки жаштын тагдыры жөнүндө баяндалат. Аталган тема Кыргызстанда козголо элек болчу. 

Ушундан улам ушул чыгарманы коюуну чечтик. Эл бери жакта туруп болгон окуяга баа бериш үчүн. Биз спектаклди жалпылайлы дегенбиз, анткени революция дүйнө жүзүндө болуп жаткандыктан, ал баарына тааныш”,- деп билдирди






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: