super.kg logo
  Саясат  

Айыл чарба министрлиги: Өткөн жылга салыштырмалуу кылкандуу дан эгиндерин азыктандыруу 7,9 миң гектар аянтка аз болду

 

Өлкө боюнча жазгы талаа иштеринин жүрүшүндө 2014-жылдын 4-апрелине карата 80,7 миң гектар жер аянтындагы кылкандуу дан эгиндери азыктандырылды. Программа боюнча 219,7 миң гектар жер аянты азыктандырылышы керек. 2013-жылдын ушул мезгилине карата 72,8 миң гектар аянт азыктандырылган. Жыйынтыгында быйылкы көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 7,9 миң гектарга аз болду.

Республикада 119, 2 миң гектар жер айдалып, көрсөткүч 20,0 пайызды түзүп (план боюнча 595,4 миң гектар жер айдалышы керек эле) өткөн жылга салыштырганда 33,5 миң гектарга аз айдалды.

Жаздык кылкандуу дан эгиндеринин эгилиши программада 269,0 миң гектар деп берилсе, анын 68,8 миң гектары эгилди. 

Анын ичинен буудай республика боюнча отчёттук күнгө карата программада каралган 131,9 миң гектар жер аянтынын 19,0 миң гектарына эгилди. Бул көрсөткүч программадагы аянттын 14,4 пайызын түздү.

Арпаны 137,1 миң гектар жерге айдоо пландалып, бирок 49,8 миң гектар эгилген.

Картошка отургузуу программада 80,5 миң гектар жерге пландалса, анын 3,2 миң аянты отургузулуп бүттү. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: