Украина парламентинде депутаттар мушташып кетишти

Украинада бүгүн, 8-апрелде Жогорку Раданын жыйынында депутаттар мушташып кетишти. Маалыматтар боюнча, мушташ Коммунисттик партиянын жана улуттук “Свобода” партиясынын депутаттарынын ортосунда болду.
Компартиянын өкүлү Пётр Симоненко азыркы бийликтин аракетин сындап, Украинанын бүтүндүгүнө доо кетирип жатканын билдирген.
Мындан кийин башкаруучу партиянын депутаттары трибунага жетип барып Симоненкону ур-тепкиге алышкан. Спикер танапис жарыялап, жаңжалдан кийин коммунисттер залдан чыгып кетишкени айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

