super.kg logo

Филармониянын артисттери “Өнөр ыйык, өткөндөрдүн мурасы, филармония - таланттардын уясы” аттуу гала-концерт тартуулашты (фоторепортаж)

 
Концерт "Манас" эпосунун негизинде коюлган спектакль менен башталды.
Токтогулдун чыгармачылыгы тартууланып, анын образын Элмирбек Иманалиев жаратты.
Концерттин жүрүшүнөн.
Концертте өзбек бийи бийленди.
Концерттин жүрүшүнөн.
Концерттин жүрүшүнөн.
Концерттин жүрүшүнөн.
Концерттин жүрүшүнөн.
Концерттин жүрүшүнөн.
Концерттин жүрүшүнөн.
Концертке келгендер тынымсыз кол чаап, колдоп отурушту.
Концерттин жүрүшүнөн.
Концерт алкагында кыргыз бийи тартууланды.
Төкмө акындар өнөрлөрүн тартуулап жатышат.
Концерттин жүрүшүнөн.
Концерттин соңунда көрүүчүлөр туруп кол чабышты.
Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын жетекчиси Кыргызбай Осмонов: "Бүгүн филармониянын залы кайрадан майрамга айланды. Залкар инсанга арналган иш-чараны жалпы журтка тартуулап алдык",- деди.
Концертке келгендер тынымсыз кол чаап, колдоп отурушту.
Концерттин режиссёру Алтынбек Максүтов "Мен сахнанын сыртында туруп артисттерди урушуп, кыжалат болуп жаткан элем. Бирок элдин жогорку деңгээлде кабыл алганын көрүп сүйүнүп турам" деген оюн айтты.
Элмирбек Иманалиев "ТҮРКСОЙ" уюмунун сыйлыгын алды.
Жогорку Кеңештин депутаты Бөдөш Мамырова: "Бүгүнкү концерт мыкты уюшулганы үчүн уюштуруучуларга ыраазычылык билдирем".

Бүгүн, 8-апрелде Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын артисттери “Өнөр ыйык, өткөндөрдүн мурасы, филармония - таланттардын уясы” аттуу гала-концерт тартуулашты. Улуу төкмө акын Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына арналган салтанатта көрүүчүлөр филармонияда эмгектенген 350 чыгармачыл инсандардын өнөрлөрүнө күбө болушту. Аземге маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиева, Жогорку Кеңештин депутаты Бөдөш Мамырова катышты.

Концертте филармониянын басып өткөн тарыхый жолу чагылдырылды. Алгач “Манас” эпосунун негизинде даярдалган чакан спектакль көрсөтүлүп, андан соң Токтогул Сатылгановдун, анын замандаштары Атай Огомбаев, Муса Баетовдун чыгармачылыктары чагылдырылды.

Сценарий боюнча Улуу Ата Мекендик согуш жылдары, Жеңиш күнү да бул концертте эскерилди. Кыргыз элинин өнөр казынасы болгон комуз, кыл кыяк өңдүү аспаптар ойнолгон кечеде жаңы доорго кезек келип, Эстебес Турсуналиевдин чыгармачылыгы жана азыркы филармониянын ишмердүүлүгү көрсөтүлдү. Концерттик кече Токтогул Сатылгановдун “Миң кыял” күүсү менен жыйынтыкталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: