2-апрель түнү болгон өрт кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду

2-апрель түнү болгон өрт кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 9-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук Ички иштер башкармалыгы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 174-беренеси (мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Эске сала кетсек, 2-апрель түнү Бишкек шаарынын Манасчы Сагымбай көчөсү-168-дарегиндеги 2 кабаттуу көп батирлүү үйдө өрт кырсыгы катталган. Анда 8 батир толугу менен күйүп, эки адамдын өмүрү кыйылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.