super.kg logo

"Продюсерлер" уюму “Көк салкын-2” тасмасы "пираттык" жол менен тарап кеткендигине байланыштуу тийиштүү органдарга кайрылуу жасашты

 

“Көк салкын-2” тасмасынын "пираттык" жол менен тарап кеткендигине нааразы болгон "Продюсерлер" уюму бүгүн, 9-апрелде маалымат жыйынын өткөрүп, тийиштүү органдарга кайрылуу жасашты. Жыйынга белгилүү режиссёр Садык Шер-Нияз, продюсер, ырчы Съездбек Искеналиев, режиссёр Камчыбек Жумабаев, Талант Кандыбаев катышты.

“Көк салкын-2” тасмасы Нарын, Каракол, Балыкчы шаарларында "пираттык" жол менен сатылып кетти. Фильмди тартуу иштерине 50 миң доллар сарпталган. Биз сапаттуу тартуу үчүн үй, машинабызды күрөөгө койгонбуз. Фильм өзүн актай электе минтип күйүп кеттик. Тасманын диски сатылып жаткан жеринен кармалган. Бирок тийиштүү органдар чара көрбөй жатышат. Биз мамлекеттик органдарга "пираттык" менен алектенген жарандарга катуу чара көрүп берүүнү суранар элек. Чет өлкөлөрдө мындай диск менен кармалсаң, катуу жаза аласың. Бизде болсо 50 миң сом зыян алып келгени аныкталбаса, жоопкерчиликке тартылбайт экен. Тасма ким тараптан тарап жатканы белгисиз. Учурда буга карата экспертиза иш алып барууда. Тарап кеткен дискти көрүп чыктык. Кинозалдан тартылып алынды дейин десең, элдин каткырыгы угулмак да”,- дейт продюсер Талант Кандыбаев. 

Белгилей кетсек, аталган фильмдин бет ачары үстүбүздөгү жылдын 6-февралында болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
09.04.2014. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озуно сак бол, бирону ууру корбо. Пиратчикти алыстан издебе озунордон эле чыгат. Окунучту менет текке кеткен турбайбы.
09.04.2014. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карышкырга кой кайтартып алсанар керек да. Оз ара анализ жургузуп коргуло.
10.04.2014. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер жанылбасам кок салкын 1 да пираттык жол менен тараган болуш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: