super.kg logo

Садык Шер-Нияз, режиссёр: “Өкмөт каражат жактан колдобосо да, моралдык жактан колдоп, кинематографияны сактап калганга көмөк көрсөтсүн”

 

Бүгүн, 9-апрелде "пираттык" дисктердин жайылышына каршы өткөрүлгөн маалымат жыйынында режиссёр Садык Шер-Нияз “өкмөт каражат жактан колдобосо да, моралдык жактан колдоп, кинематографияны сактап калганга көмөк көрсөтсүн” деген оюн айтты.

“Өзүңөр билесиңер, кинематографиянын өнүгүп жаткан учуру. Коом канчалык сындабасын, азыркы жаштар жараткан тасмалардын арасында мыкты сапаттагылары бар. Өздөрү далбастап каражат таап, фильм тартып жатса, "пираттык" жол менен тарап кеткени алардын кино тармагын өнүктүрөйүн деген каалоосун жоготот. Ошондуктан мындай көрүнүштөргө жол бербөө үчүн тийиштүү чаралар көрүлүшү керек”,- деди Садык Шер-Нияз.

Белгилей кетсек, бүгүнкү “Токто, пират!” деген аталыштагы маалымат жыйынына Кыргызстан кинематографисттер союзунун төрагасы Садык Шер-Нияз, продюсерлер Съездбек Искеналиев, Талант Кандыбаев, режиссёр Камчыбек Жумабеков, сценарист Тилек Чериков катышты. Алар бул жыйындын өткөрүлүшүнө “Көк салкын-2” тасмасынын "пираттык" жол менен тарап кетиши себеп болгонун айтып, мындай мыйзам бузууну жөнгө салган мамлекеттик органдарга кайрылуу жасашты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
09.04.2014. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Министрлик орунга Сиз барышыныз керек эле да
09.04.2014. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар аз да болсо кыргыз киносу онугу алдында турат. Бирок мамлекет тарабынан чындыгында олутту деле конул бурулбай келет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: