Алайдын тургуну: "Митингчилер акимчиликти басып алды" деген маалымат жалган"
"Митингчилер акимчиликти басып алды" деген маалымат жалган" деп билдирди SUPER.KG порталына Алай районунун Райимберди аттуу тургуну. Айтымында, депутат Ахматбек Келдибековдун бошотулушун талап кылгандар тарай башташты.
"Акимчиликти басып алуу болгон жок. Баарыбыз ордубузда эле иштеп жатабыз",- деди ал.
Айта кетсек, айрым маалымат булактары бүгүн, 9-апрелде Келдибековдун тарапташтары Алай райондук администрациясын басып алганын жарыялашты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

