super.kg logo
  Саясат  

Каныбек Иманалиев: "Кыргызстанга “демократия үчүн өнөктөш” статусунун берилиши - кыргыз парламентаризминин тарыхындагы жаңы эпоха”

 

Кыргыз Республикасына Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясынын (ЕКПА) “демократия үчүн өнөктөш” статусунун берилиши менен кыргыз парламентаризминин тарыхындагы жаңы эпоха ачылууда. Мындай пикирин Эл аралык иштер боюнча комитеттин төрагасы Каныбек Иманалиев билдирди.

Анын айтымында, “демократия үчүн өнөктөш” статусунун берилиши өлкөдөгү парламентаризмдин өнүгүшүн бекемдейт, Кыргызстандын жаңы имиджин түзөт. “Демократия боюнча өнөктөш” статусуна ээ болуусу -  Кыргызстандын парламенттик жолдо бараткандыгын таанышынын жана колдоосунун далили.

“ЕКПАга Европа мамлекеттеринин 47 өлкөсү мүчө. Булар парламенттик өлкөлөр. Орто Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан биринчи болуп мындай статуска ээ болуп отурат. Биринчиден, бул Кыргызстан үчүн жаңы аброй алып келет. Дүйнөдө өнүккөн парламенттик өлкөлөр ушул Европада жайгашкан, алардын бизге, айрыкча мыйзамдарды бири-бирине шайкеш келтирүү боюнча тажрыйбалары зарыл. Үчүнчүдөн, Европанын көп конвенцияларына кошулганбыз. 

Маселен, бизде сот-укук реформасы өтө кыйын өтүп жатат. Бизге ал өлкөлөрдүн тажрыйбасы керек. Учурда коррупция менен күрөш жүрүп жатат. Бирок мыйзам жүзүндө күрөшүү кыйын болууда. Бул багытта дагы алардын тажрыйбасы керек болуп жаткан маал”,- деди Иманалиев.

Депутат статуска ээ болууда Кыргызстандын көрсөткүчтөрү бардык жагынан шайкеш болбогонун, көйгөйлүү маселелер болгонун да белгилеп өттү. 

"Мисалы, түрмөлөрдөгү ал-абал тынчсыздандырып, этникалык маселелер да көңүл сыртында калган эмес. Европалык эксперттер сот-укуктук реформа өтө жай жүрүп жаткандыгын билдиришти. Ошентсе да Орто Азия мамлекеттеринин ичинен европалык стандарттарга жакын принциптер менен иштеп жаткандыгыбызга байланыштуу, колдоо иретинде Страсбург шаарында бир добуштан кыргыз парламенти Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясында "демократия үчүн өнөктөш" статусуна ээ болду. Бул кубанычтуу окуя”,- дейт эл өкүлү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: