Эркин Сакебаев: “Ала-Тоо конушунун тургундары 2008-жылы алган жерлер башка бирөөлөргө да сатылып кетиптир”
Бишкектин Ала-Тоо конушунун тургундары 2008-жылы алган жер тилкелерин Ленин райондук каттоо кызматы башка бирөөлөргө да берип жиберген. Муну ЖКнын 10-апрелдеги жыйынында депутат Эркин Сакебаев билдирди.
“Мага аталган конуштун 21 тургуну кайрылды. Алар 2008-жылы 4 сотыхтан жер тилкелерин сатып алышкан, бирок жерлери башка бирөөлөргө да берилип кетиптир. Аны Ленин райондук каттоо кызматы берип жиберген. Бул боюнча соттун чечими чыкканына карабай маселе чечилбей жатыптыр”,- деди эл өкүлү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

