super.kg logo

Бишкек шаарында “Жаш талант-2014” сынагы өтүүдө (фоторепортаж)

 
Сынактын жүрүшүнөн. Фортепианодо кол ойноткон жаш музыкант калыстарга жана көрүүчүлөргө талантын тартуулап жатат.
Келечектен көптү үмүттөндүргөн музыканттар өздөрү сүйгөн аспапта чеберчилик менен ойношуп, күнүмдүк кымгуут жашоодон көрүүчүлөрдү жагымдуу музыка ыргактары менен аз да болсо алыстатып жатышты.
Сынакка катышкандарды колдоп келген жакындары.
Чыгармачыл жаш таланттар мыкты даярдыкта келишкен. Алар бир аз толкунданып жатышты.
Жаш музыканттардын талантына баа берген калыстар тобу.
Сынактын катышуучулары өз кезегин күтүүдө. Алар мыкты эмгек көрсөтүү үчүн даярдык көрүп жатышат.
Сынактын катышуучулары өз кезегин күтүүдө. Алар мыкты эмгек көрсөтүү үчүн даярдык көрүп жатышат.
Сынакка катышкандарды колдоп келген жакындары.
Жаш музыканттар сынактын талабына ылайык бир канча мелодия аткарып беришти.
Бул музыканттардын ар бири үчүн бүгүнкү күн маанилүү. Анткени бул сынак кийинки ийгиликтерди багынтуу үчүн тепкич болуп берет.

Бүгүн, 10-апрелде Бишкек шаарында “Жаш талант-2014” сынагы өтүүдө. М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайында өткөрүлүп жаткан сынакка музыкалык жана искусство мектептеринин окуучулары катышууда. 

Классикалык музыканы жайылтуу, келечектен көптү үмүттөндүргөн таланттарды табуу жана музыкалык окуу жайда окугандардын жөндөмүн өстүрүү үчүн аларга методикалык жана практикалык жардам берүү максатында уюштурулган сынакта 7-16 жашка чейинки өспүрүмдөр өнөрлөрүн тартуулашууда. 

Сынак 4 номинацияда жүргүзүлүүдө: фортепиано, кылдуу аспаптар (скрипка, виолончель), оркестр (үйлөмө, урма) аспаптары, классикалык гитара. Ар бир номинациянын 1-2-3-орундун жеңүүчүлөрү дипломдор жана акчалай сыйлык менен сыйланышат. 

Катышуучулардын таланттарын М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын, К.Молдобасанов атындагы Улуттук консерваториянын, М.Абдраев атындагы атайын музыкалык орто мектеп-интернатынын профессионал окутуучуларынан түзүлгөн калыстар тобу баалайт. 

 

 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: