Улуттук филармонияда опера музыкасынын концерти өтөт
Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда 17-апрелде опера музыкасынын концерти өтөт.
Концерттик программада Жакомо Пучининин “Чио-Чио-Сан”, “Турандот”, “Кайгы”, Жузеппе Вердинин “Отелло”, “Тагдырдын күчү”, Рихард Вагнердин “Тангейзер” жана башкалардын ариялары жана дуэттери жаңырат.
Чыгармаларды Асанкан Жумакматов атындагы Мамлекеттик академиялык симфониялык оркестри жана операнын жаш солисттери, эл аралык сынактын лауреаттары Заира Раимбекова жана Саян Исин аткарышат. Дирижёрлук милдетти КРнын Эмгек сиңирген артисти Рахатбек Осмоналиев аркалайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.