super.kg logo

Кыргызстандык ашпозчулар Түркмөнстанда өтүүчү “Азиада ашканасы-2017” форумуна катышышат

 
Кыргызстандык ашпозчулар Түркмөнстандын Аваза туристтик зонасында өтүүчү “Азиада ашканасы-2017” форумуна катышууда. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде Түркмөнстандын маалымат каражаттары жазып чыгышты. 
Маалыматка ылайык, бул форумга Улуу Британия, Кытай, Беларусь, Корея, Малайзия, Индия, Непал, Япония, Азербайжан, Армения, Казакстан, Украина сыяктуу 20дан ашык өлкөдөн ашпозчулар катышууда. Форумдун жүрүшүндө катышуучулар түркмөн ашканасы менен таанышып, аны менен катар өздөрүнүн улуттук тамактарын жасоо ыкмаларын көрсөтүштү. 
"Бул форум түркмөн ашпозчуларынын квалификациясын жогорулатуу жана 2017-жылы Ашхабад шаарында боло турган 5-Азия оюндарынын катышуучуларын жана конокторун даамдуу тамактар менен камсыздоо үчүн уюштурулду. Форумдун эң негизги максаты дүйнө элдеринин ортосундагы биримдикти бекемдөө болуп саналат",- дешет уюштуруучулар. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: