super.kg logo
  Саясат  

Каржы министрлиги: Март айында республикалык бюджеттин жалпы кирешелери дээрлик 9 миллиард сомду түздү

 

Алдын ала маалыматка ылайык, 2014-жылдын 1-мартынан 31-мартына чейин республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 8 миллиард 984 миллион сомду түздү (план боюнча 9,5 миллиард сом деп белгиленген).

Анын ичинен салык кирешелери 4 миллиард 758 миллион сомго, салыктык эмес кирешелер 1 миллиард 657 миллион сомго, расмий трансферт каражаттары 1 миллиард 635 миллион сомго, активдер жана милдеттенмелер боюнча 933 миллион сомго аткарылды.

Ушул эле мезгилге карата республикалык бюджеттин чыгашалары 7 миллиард 645 миллион сомду түздү (план боюнча 7,7 миллиард сом деп айтылган).

Анын ичинен айлык акыга 2,3 миллиард сом, социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулга 1,2 миллиард сом, калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пулга 503 миллион сом, “Имараттар жана курулмалар” беренеси боюнча 360 миллион сом бөлүндү. Калган каражаттар башка корголгон жана корголбогон беренелер боюнча чыгымдарга жумшалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: