super.kg logo

Жылнаама, 11-апрель: Бүткүл дүйнөлүк Паркинсон оорусу менен күрөшүү күнү 

 

* Бүткүл дүйнөлүк Паркинсон оорусу менен күрөшүү күнү. 

259 жыл мурун, 1755-жылы англиялык врач Жеймс Паркинсон Лондондо туулган. Оорулуу экенине карабай ооругандагы абалын ийне-жибине чейин кагаз бетине түшүрө берип, 1817-жылы анысынан "Калтыратма шал оорусу тууралуу эсселер" деген эмгек жаралган. Ошентип ооруга анын аты коюлуп калган. Жеймс Паркинсон 1824-жылы 21-декабрда 69 жашында каза болгон.

* 1933-жылы (81 жыл мурун) Кыргыз зооветеринардык институту Кыргызстандын экономикасынын багыт алуусуна ылайыкташкан адистерди даярдоо максатында ачылган. Жаңы окуу жай Фрунзе айыл чарба техникумунун базасында уюшулуп, адегенде институтта зоотехникалык жана ветеринардык факультеттер иштеген.

* 1988-жылы, 26 жыл мурун "2010-жылдын супер күлкү жаратуучусу" наамына татыган "тамашоучу" Азамат Исмаилов туулган. 6-класстан тартып Көркөм сүрөт академиясынын алдындагы мектепте, андан кийин училищеде окуган. Кийин Көркөм сүрөт академиясын бүтүргөн. "Тамашоу" долбооруна алгач "Жигиттер" командасы менен келип, кийин "Тамадалар" командасы менен оюн көргөзө баштаган. Азамат Исмаилов "Супер-Инфо" гезитинин версиясы боюнча "2010-жылдын супер күлкү жаратуучусу" деп табылган.

22 жыл мурун, 1992-жылы "Супер сулуу-2010" сынагынын жеңүүчүсү Бурул Бактыбек кызы туулган. Ал Жалал-Абад шаарында жарыкка келген. Бурул Бактыбек кызынын теги Таластан, бирок Жалал-Абад шаарында чоңоюп, 2-класска чейин ал жакта окуп, андан соң үй-бүлөсү Бишкекке көчүп келген. Бурулдун кесиби - экономист.

Жылнаама толугу менен бул жерде... 


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: