Бишкекте кармалган саруулук активист Замир Мендибаев 4 берене боюнча айыпталууда
Кечээ, 10-апрелде Бишкекте кармалган Саруу айылынын активисти Замир Мендибаев КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 4 беренеси боюнча айыпталууда. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде SUPER.KG порталына КРнын Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Нургазы Аматов
Маалыматка ылайык, Замир Мендибаев 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында болгон митингди уюштуруу боюнча сыртынан айыпталып, издөөгө алынган. Ал "барымтага алуу", "ээнбаштык", "бийликтин өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү" жана "адамды өлтүрөм деп коркутуу" деген 4 берене боюнча айыпталып жатат.
Эскерте кетсек, кечээ 10-апрелде саат 11:00дөн 15:00гө чейин Улуттук оппозициялык кыймыл Бишкектин Максим Горький атындагы сейил багында митинг өткөрдү. Иш-чарага Саруу айылынын активисти Замир Мендибаев катышмак. Ал ошол күнү эртең менен милиция тарабынан кармалып, Бишкек ШИИББине жеткирилген. Андан соң СИЗОго алып барылып, суракка алынган. Ал тергөө амалдары жүрө турган 1 ай убакыт ичинде СИЗОдо болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.