"2010-жылдын супер күлкү жаратуучусу" Азамат Исмаилов "Кудай туулган күнүмдө ыймандуу келинчек белек кылса" дейт












"Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2010-жылдын супер күлкү жаратуучусу", "тамашоучу" Азамат Исмаилов бүгүн, 11-апрелде өздүк майрамын, 26 жашын белгилейт.
Автор: Дамира Арстанова
"Убакыт учкан куштай" деген кеп чындык экен. Кечээ эле ата-энемди кубантып ыңаалап жарыкка келген болсом, бүгүн минтип эр жетип, 26 жаштын чайын ичип отурам. Мени бул жарыкка алып келип, тарбиялап өстүргөн ата-энеме ыраазымын. Жыл сайын туулган күнүмдө аларды куттуктаганга ашыгам. Бүгүн эртең менен ойгонсом, экөө тең жумушка кетип калышыптыр. Азыр белегимди камдап, алардын келишин күтүп үйдө отурам.
Негизи, мен туулган күн дегенди 2-классымда билгем. Бир күнү үйгө келсем, туугандар жүрүшөт, дасторкон жайылган. Ошондо таякем "кел, куттуктап коёюн, бүгүн сенин туулган күнүң" деп бетимден өөп, оюнчук поезд берген эле. Ошондон кийин эле бул күндү туугандарымдын, досторумдун коштоосунда белгилеп келем.
Бүгүн болсо туулган күнүмдү үйдө, ата-энем, бир туугандарым менен тоскону жатам. Досторумду кийинки күндөрү чакырам. Эч кимден эч кандай белек деле күтпөйм. Бир гана Кудайдан ыймандуу келинчек белек кылса экен деп күтүп жатам",- дейт бүгүнкү күндүн күнөөкөрү Азамат.
Белгилей кетсек, Азамат Исмаилов Нарын шаарында туулган. 6-класстан тартып Көркөм сүрөт академиясынын алдындагы мектепте, андан кийин училищеде окуган. Кийин Көркөм сүрөт академиясын бүтүргөн. "Тамашоу" долбооруна алгач "Жигиттер" командасы менен келип, кийин "Тамадалар" командасы менен оюн көрсөтө баштаган.
Ал "Супер-Инфо" гезитинин версиясы боюнча "2010-жылдын супер күлкү жаратуучусу" деп табылган.
Азамат Исмаилов телеалпаруучу катары да эл көзүнө көрүнүп, андан сырткары жарнамалык түрмөк, ырчылардын клиптерине, комедиялык тасмаларга тартылып келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(7)
KG-Oligarh

11.04.2014. 13:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оздук майрам кут болсун Азамат, ар дайым ден-соолукта бол Кыргызмдын патриоту!!!
Aimeerimka

11.04.2014. 13:24
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туулган кунунуз м н ата эненизди сыймыктандырган Кыргыздын чыгаан жигиттеринен болунуз,Жараткан сизге ыймандуу кыз белек кылат деген умуттомун бактылуу болунуз жана да чыгармачылык ийгиликтерди каалайм.
Momun-jigit

11.04.2014. 13:30
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сен кандай болсон ошондой жубай берет Жараткан.
infiniti

11.04.2014. 14:32
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай тилегинди кабыл кылсын.
Pantherka

11.04.2014. 14:33
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тилегин орундалсын,Азаматты корсом эле кулкум келип,маанайым которулот,Кулкунун символу десек жанылышпайбыз го дейм!!!
peri...97

11.04.2014. 18:08
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туулган кун кут болсун......
kgman92

11.04.2014. 18:48
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туулган кунунуз менен!!!!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.