super.kg logo
  Саясат  

Чыныбай Турсунбеков "кимдер элдин эсебинен байыганын коомчулукка жарыялашыбыз керек" дейт

 

КСДП фракциясынын 11-апрелдеги жыйынында фракция лидери Чыныбай Турсунбеков "кимдер элдин эсебинен байыганын коомчулукка жарыялашыбыз керек" деп билдирди. Айта кетсек, жыйында Кыргызстандын тышкы карызынын абалын текшерүү боюнча депутаттык комиссиянын иш жыйынтыгы каралды. 

Турсунбеков комиссия мүчөлөрүнө бөлүнгөн каражаты натыйжасыз чыгымдалган ири долбоорлор, каражат бөлүнгөн мекемелер, аны аткарган адамдар тууралуу так маалымат берүү тапшырмасын берди.

"Биз акчасы уурдалып, ишке ашырылбай калган долбоорлор жаатында так маалымат алып, күнөөлүү адамдардын аты-жөнүн жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жарыя кылышыбыз керек. Баары билсин, кимдер качан эмне кылганын, эл эсебинен кантип байыганын. Азыр элдин талабы да ушундай болуп жатат",- дейт фракция башчысы.

Депутаттар аталган маселе боюнча фракциянын кийинки жыйынында кеңири сөз кылуу чечимине келишти. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: