Кыргызстандык мигранттарды турак жай менен камсыздаган Орусиянын жараны 40 миң рубль айып пул төлөөгө милдеттендирилди
Кыргызстандык мигранттарды Орусиянын аймагында турак жай менен мыйзамсыз камсыздаган жаран соттун чечимине ылайык 40 миң рубль айып пул төлөйт. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Ханты-Мансийск автономдук округунун Пыть-Ях шаарынын тургуну 2013-жылдын ноябрь айынан 2014-жылга чейин кыргызстандык мигранттардын Орусияда мыйзамсыз жүргөнүн билип, аларды турак жай менен камсыздап, жумушка орноштурган. Мигранттар кафелердин биринде иштеп келишкен.
Пыть-Ях шаардык сот айыпталуучуну 40 миң рубль айып пул төлөөгө мелдеттендирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.