super.kg logo

Жылнаама, 12-апрель: Бүткүл дүйнөлүк авиация жана космонавтика күнү

 

* Бүткүл дүйнөлүк авиация жана космонавтика күнү.

* 1939-жылы (75 жыл мурун) “Айчүрөк” операсынын бет ачары өткөрүлгөн. "Айчүрөк" операсы — кыргыздын туңгуч улуттук операсы. 4 бөлүмдөн, 6 сүрөттөн турган баатырдык-патриоттук, эпикалык-лирикалык опера. Либреттосун "Манас" үчилтигинин "Семетей" бөлүмүндөгү "Семетейдин Айчүрөккө үйлөнүшү" аттуу эпизоддун негизинде Ж.Бөкөнбаев, К.Маликов. Ж.Турусбеков, музыкасын В.Власов, А.Малдыбаев, В.Фере жазган. Алгач Кыргыз мамлекеттик музыка театрында коюлуп, дирижёру В.Целиковский, сүрөтчүсү Я.Штоффер, балетмейстри Н.Холфин, хормейстри П.Меркулов, режиссёру В.Васильев менен Куттубаев болушкан.

75 жыл мурун, 1939-жылы Орус аскер-географы жана илимпоз саякатчы Николай Пржевальский туулган. Ал орус элинин улуу географы, Борбордук Азияны изилдөөчү, генерал-майор, Петербург илимдер академиясынын ардактуу мүчөсү болгон. Ал өмүрүнүн басымдуу бөлүгүн саякатка арнап, өз тармагында аты таанылган билим адамдарынын арасынан татыктуу орун тапкан. Николай Пржевальскийдин бешинчи саякат багыты Борбордук Азияга арналып, ал Кыргызстанды кыдырып, мындан бай маалымат топтоого жетишкен. Николай Михайловичтин ичер суусу да Кыргызстандан бүтүп, анын керээзине ылайык, улуу саякатчынын сөөгү Ысык-Көлдүн жээгине коюлган жана орус бийлигинин чечими менен Каракол шаары Пржевальск болуп өзгөртүлгөн.

53 жыл мурун, 1961-жылы адам баласынын тарыхында биринчи ирет Юрий Гагарин “Восток” кемеси менен космоско учкан. Юрий Гагарин "Восток" космос кораблинде биринчи жолу Жер шаарын айлана учуу менен, башкарып учуучу космос дооруна чыйыр салган. Ю.А.Гагарин башкарган "Восток" космос корабли "Байкоңур" космодромунан учуп, космонавт космос мейкиндигинде 108 мүнөт өткөргөн. СССР Жогорку Кеңешинин 1962-жылдын 9-апрель күнкү жарлыгына жараша 12-апрель Космонавтика күнү катары кабыл алынган.

2006-жылы, мындан 8 жыл мурун “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын лидери Эдил Байсаловго кол салуу болгон. Эдил Байсалов кеңсесинен чыгып келатканда белгисиз бирөөлөр артынан катуу зат менен чаап, андан оор жаракат алган. 

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
13.04.2014. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Юрий Гагарин космоско жол ачып берген, албетте эмгегин эл унутпайт
13.04.2014. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Илгери Пржевальскийди окумуштуу-саякатчы катары билчүбүз, кийин тарых тастыктагандай, ал агент, чалгынчы, жөнөкөй тил менен айтканда, кыргызга жакшылык ойлобогон, жерине көз арткан тыңчы экен да. Ошондон кийин бул адамга урматым жок. А биздин окумуштуулар Бишкекте, Караколдо юбилейин чоң масштабда белгилеп жатышыптыр.Тарыхчылар тарыхты тууралап, жасалмалабай, болгонун болгондой жазышса болмок, эми баарын карап турган СССР жок да, корко тургандай.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: