super.kg logo

Аба ырайы, 13-апрель: Республиканын аймагында жаан жаайт

 

13-апрелде жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Тоолуу аймактардын жолдору тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Чүй облусу. Күндүз +6°C, түнкүсүн +5°C

Талас облусу. Күндүз +6°C, түнкүсүн -6°C

Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +10°C, түнкүсүн +5°C

Баткен облусу. Күндүз +7°C, түнкүсүн +5°C

Ысык-Көл облусу. Күндүз +6°C, түнкүсүн -5°C

Нарын облусу. Күндүз +5°C, түнкүсүн -7°C

Бишкек шаары. Күндүз +6°C, түнкүсүн +5°C

Эскертүү!

13-14-апрелде өрөөндөрдө жаан карга айланат, тоо этектерине жана тоолуу райондорго кар түшөт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаайт. 13-15-апрелде абанын температурасы төмөндөп, дыйканчылык аймактарда түнкүсүн үшүк жүрүшү мүмкүн. Мындай аба ырайы айыл чарба иштерин үзгүлтүккө учуратат, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Үшүктүн жүрүшү мөмөлүү бактарга өтө эле коркунучтуу. 13-апрелде Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын дарыяларында абанын жогору температурасына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт жана сел жүрүшү ыктымал. 13-14-апрелде күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу аймактардын Бишкек - Ош, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу, Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.    


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: