super.kg logo
  Саясат  

"Акыркы 20 жыл ичинде биз айыл чарбасын сөз жүзүндө гана колдойбуз деп келебиз" деди өкмөт башчы

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев 11-апрелде асыл тукум мал чарбачылыгын колдоо, окуу китептерине ижара акысын киргизүү, жол коопсуздугу, анын ичинде оң рулдуу унаалар маселелерине арналган өкмөттүн жыйынын өткөрдү.

“Акыркы 20 жыл ичинде биз айыл чарбасын сөз жүзүндө гана артыкчылыктуу колдойбуз деп келебиз. Бул багытта чыныгы иштерди баштоо керек. Мал чарбачылыгы айыл чарбасынын алдынкы тармагы катары эсептелет. Бүгүнкү күндө ички дүң продукциянын түзүмүндө айыл чарбасынын үлүшү төмөндөп баратат, бул начар көрүнүш. Биз ушул тармакка өзгөчө көңүл буруубуз абзел”,- деди Жоомарт Оторбаев жыйындын күн тартибиндеги биринчи маселени карап жаткан учурда.

Жоомарт Оторбаев өкмөт айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөргө жеңилдетилген каржылоонун негизинде 3,5 миллиард сом каражат бөлгөнүн маалымдады. “Түрк насыясынын алкагында 480 миң доллар каражат бөлүнүп, ага малды жасалма уруктандыруучу 300 жабдуу сатылып алынып, алар айыл аймактарына таркатылууда”,- деди премьер-министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: