super.kg logo
  Саясат  

Темир Сариев: “Бажы биримдигине өлкөнүн кызыкчылыктарын сактоо менен гана киришибиз керек”

 

“Бажы биримдигине кирүүнү президент жана парламент чечет. Ага өлкөнүн кызыкчылыктарын сактоо аркылуу гана киришибиз керек”,- деп билдирди бүгүн, 14-апрелде Бишкекте өтүп жаткан тегерек столдо экономика министри Темир Сариев.

Анын айтымында, Бажы биримдигине кирүү алдында Орусия жана Кыргызстандын президенттери каржы жана башка тармактык жардам көрсөтүү боюнча келишим түзүшөт. “Албетте, жол картасын ишке ашырууга акча каражаты керек. Жалпысынан 300 миллион доллар болот. Анын баары Кыргызстан Бажы биримдиктин стандарттарын кабыл алуу максатында жумшалат”,- дейт Сариев.

“Мындан тышкары айрым жеке ишкерлер өз ишин жоготуп алышы толук мүмкүн. Аларга каржылык жардам беришибиз керек. Андан соң дыйканчылыкка жана текстиль тармагына жардам берүү зарыл”,- деп кошумчалады министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: