Абдулатип Режевалиев, депутат: “Жетим балдарды жер тилкеси менен камсыз кылуу алардын келчекке болгон үмүтүн улайт"
"Интернатты бүткөндөн кийин жетим балдарды жер тилкеси менен камсыз кылуу алардын келчекке болгон үмүтүн улайт". Муну бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Абдулатип Режевалиев билдирди. Бул багыттагы мыйзам долбоору бүгүн Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында каралып, 1-окууда жактырылды.
Режевалиев мыйзам долбоору ата-энеси жок балдарга интернаттарды бүткөндөн кийин жер тилкелерин кезексиз берүү каралганын айтты.
“Ата-энесинен айрылган балдарга мамлекет жер тилкесин кезексиз берүүнү камсыздоо менен алардын келечекке болгон үмүтүн улайт”,- деди Режевалиев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

