Жетимдерге жер тилкесин кезексиз берүү маселеси боюнча парламенттик угуу өтөт
Жетимдерге жер тилкесин кезексиз берүү маселеси боюнча парламенттик угуу өтөт. Муну бүгүн, ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин жыйынында депутат, демилгенин автору Мирлан Бакиров билдирди.
Жыйында депутат Сайдулла Нышанов жетим балдарга жерди өз аймактарынан берүүнү жана алар ээ болгондон кийин жерин сатып жибербөөсү үчүн да мыйзамдарды кароону сунуштады. Депутат Эсенгул Исаков жер алгандан кийин колдоосу жок мындай балдар үйдү кантип салат деген маселени коюп, буга комплекстүү мамиле жасоо зарылдыгын билдирди.
Мыйзам долбоору парламенттик угууда кеңири талкуулана турганын билдирди депутат Бакиров.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

