super.kg logo

Кыргызстанда 350 адам гемофилия дарты менен жабыркайт

 

Кыргызстан боюнча гемофилия дарты менен 350 адам жабыркайт. Анын ичинен 130га жакыны 16 жашка чейинки балдар. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы адиси Нургүл Ибраева маалымдады.

“Бишкекте 16-апрель күнү Кыргызстандагы гемофилия дартын айыктырууну жакшыртуунун айланасындагы суроолорду талкуулоо максатында аталган илдет менен жабыркагандардын жыйыны өтөт. Ал эми 17-Апрель - Гемофилия дарты менен жабыркагандардын эл аралык күнү. Бул күнү ар кандай иш-чаралардын өтүүсү пландалууда”,- дейт адис.

"Гемофилия – бул кандын уюшу төмөндөгөн, оор жана тукум куучу илдет. Бейтаптар бир аз жаракаттан улам да көп кан кетүү менен жабыркашат. Бүгүнкү күнгө чейин бул илдетти айыктырууга эч кандай ыкма табыла элек",- деп кошумчалайт Н.Ибраева.   

Бүткүл дүйнөлүк ден соолук коому билдиргендей, дүйнө боюнча гемофилия менен 400 миң (10 миңи эркектер) адам жабыркаса, Орусияда бул илдет менен 15 миң адам катталган. 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: