Филипп Киркоров балдарын Алла Пугачёвага бактырууда





Орусия эстрадасынын поп-падышасы Филипп Киркоров эки мураскерлүү болгондо аябай сүйүнгөн эле. Бирок учурда ырчы шартына байланыштуу кызы Виктория-Алла менен уулу Мартинди экс-жубайы Алла Пугачёвага 2 айга таштоого аргасыз болууда. Муну ал 2-майда Данияда өтүүчү эл аралык "Евровидение-2014" сынагына Орусиянын атынан эгиз кыздарды, Толмачёваларды даярдап жаткандыгы менен түшүндүргөн.
Автор: Дамира Арстанова
Орусиялык маалымат каражаттарынын тараткан маалыматына ылайык, Филипптин балдарына көңүл буруусуна убактысынын тар болуп жатканын уккан Алла ага каралашып тууралуу сунушун айткан. Учурда примадонна Грязь айылындагы ак ордосунда өзүнүн эгиздерин жана Филипптин балдарын кароодо.
"Мен үчүн атайын күн тартиби түзүлдү. Ар 3 саат сайын балдарды тамактандырам, жуунтам, дагы бирдемелерди жасайм. Бул ар бир эне үчүн жагымдуу иш. "Кыялдар орундалат" деген чын экен. Балалуу болууну самадым эле, эгиз чүрпөлүү болдум. Учурда Филипптин кызы менен уулун да багып жатам. Өзүмдү көп балалуу эне катары сезип отурам",- дейт Алла өз маегинде.
Белгилей кетсек, Филипп Киркоров 2011-жылы суррогат энеден Виктория-Алла аттуу кыздуу жана 2012-жылы Мартин аттуу уулдуу болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
3

Комментарийлер(3)
rahat74

14.04.2014. 20:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы жакшы
Misi

15.04.2014. 17:29
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кандай жагымдуу
upol92

16.04.2014. 02:24
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чоноюп калышыптырго. Омурлууу болушсун
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.