Депутаттар жетимдерге бекер жер тилкесин эмес, даяр үй берүүнү сунушташууда
Жогорку Кеңештин депутаты Дамира Ниязалиева: “Жетимдерге бекер жер тилкесин бергенибиз менен, алар кайсы акчасына үй курушат?”- деди. Депутаттын пикиринде, аларга бекер жер тилкесин эмес, даяр турак жай берүү керек.
“Жетим балдардын жашоосуна мамлекет колдоо көрсөтүшү керек. 17 жашка чейин алар жатак-үйлөрдө болушат, андан кийин көчөдө калышууда. Жогорку окуу жайга тапшырбаса, аларга жатакана берилбейт. Көпчүлүгү кылмыш чөйрөсүнө аралашып кетүүдө”,- деди Ниязалиева.
Айта кетсек, ЖКда бүгүн, 15-апрелде жатак-үйлөрдөн тарбияланып чыккан ата-энесиз балдарга кезексиз жер тилкесин берүү маселеси боюнча парламенттик угуу өтүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
2

