super.kg logo
  Саясат  

Ош. Вице-мэр Жапар Ормонов ар кандай диний агымдар элди бөлүп-жарууга аракет жасап жатышканын билдирди

 

Ош шаарынын вице-мэри Жапар Ормонов ар кандай диний агымдар элди бөлүп-жарууга аракет жасап жатышканын бүгүн, 15-апрелде калаа активдери менен биргеликте Дин иштери боюнча мамлекеттик концепцияны талкуулаган жыйында билдирди.

"Хизбут-Тахрир" жана башка ушуга окшогон экстремисттик уюмдар элдин түшүнүгүнө башка агымды киргизүү менен эле чектелбестен, элге жат болгон кийимдерди да таңуулоого аракет жасап жатышат",- деди Ормонов.

Ал эми дааватчылар үчүн атайын улуттук негизде жасалгаланган бирдиктүү формадагы кийимдер тигилгендигин муфтийдин орун басары Равшан ажы Эратов билдирди.

«Учурда 1200 даана окшош форма тигилди. Эми алар ар бир облуска 100 даанадан таратылат. Азыркы мезгилде дааватчылар жөнүндө эл арасында ар кандай сөздөр айтылып келүүдө. Ошондуктан дааватчылардын диний сабатын жогорулатуу боюнча өлкө аймагында атайын окуу курстары түзүлүп, бүгүнкү күндө алар өз иштерин улантышууда»,- дейт ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: