super.kg logo
  Саясат  

Эрнис Кыязов: “ОшТВ” телеканалынын башчысы кызматынан кеткеним жаңы инвестордун келишине байланыштуу эмес”

 

Бүгүн, 15-апрелде журналист Эрнис Кыязов: “ОшТВ” телеканалынын башкы башчысы кызматынан кеткеним жаңы инвестордун келишине байланыштуу эмес”,- деп SUPER.KG порталына билдирди.

“Ооба, “ОшТВ” телеканалы орусиялык инвесторго (ред. - Максим Кротов) сатылгандыгы анык. Мен өзүмдүн каалоом менен кызматымдан кеттим. Бул жаңы инвестордун келишине байланыштуу эмес. Менин өзүмдүн чыгармачыл пландарым, долбоорлорум бар. Жакында алардын ишке ашарына ишенем”,- деди Кыязов.

Эскерте кетсек, бүгүн, 15-апрелде "ОшТВ" телеканалы орусиялык инвестор Максим Кротовдун жеке менчигине өткөндүгү тууралуу маалымат таратылды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: