super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын Эл аралык байланыштар боюнча комиссиясынын 3-отуруму өттү

 

Бүгүн, 15-апрелде Бишкекте Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын Эл аралык байланыштар боюнча комиссиясынын жыйыны өттү.

Иш-чаранын жыйынтыгында ТүркПАнын эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташуу зарылдыгы, түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы маалымат алмашуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жаатында кызматташууну жолго коюу, түрк тилдүү мамлекеттердеги диаспоралардын ортосундагы карым-катнашты жандандыруу жана эл аралык мамилелер багытында кызматташуу боюнча бирдиктүү модель иштеп чыгуу белгиленген рекомендациялар кабыл алынды.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров, Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөсү Майрамкан Кадырбекова, ТүркПАнын Эл аралык байланыштар боюнча комиссиясынын төрагасы Ахлиман Амирасланов, ТүркПАнын Эл аралык байланыштар боюнча комиссиясынын төрагасынын орун басары Үлкер Гүзел жана Кыргызстандагы Азербайжан, Казакстан жана Түркиянын ыйгарым укуктуу элчилери катышышты.

Зулпукаров түрк тилдүү элдердин ата-бабалары чыныгы достуктун туруктуу пайдубалын түзүп, натыйжада ТүркПАга катышуучу өлкөлөрдүн уникалдуу маданий мурастарын жаратышкандыгын белгиледи. 

 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: